Бүгүн, 6-мартта "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында өкмөттүн жаңы түзүмүнө (буга чейин өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү демилгеси сунушталган) мамлекеттик корпорациялар деген органды кошуу демилгеси каралды. Жыйында фракция лидери
Феликс Кулов депутаттарды сындаган өкүлгө жооп берди.
"Серепчилер ар дайым биздин ишмердүүлүгүбүзгө баа берип турушат. Айрымдар бизди сынга алышса да, өз сунуштарын кошушат. Бирок бир серепчи жергиликтүү басылмаларга берген маегинде өкмөттүн биз сунуштап жаткан жаңы түзүмүн сынга алып, бизди "мээси жоктор" деди. Ушундай кеп болгондо, биз сүйүнүшүбүз керек. Анткени өз сунушун айтпагандыктан, анын (серепчинин) өзүнүн мээси жок",- деди Кулов.
Эскерте кетсек, "Ар-намыс" фракциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнүн долбоорун сунуштаган. Ага ылайык, учурдагы 15 министрликтен 9ун гана калтыруу демилгеленүүдө.