Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жаш курагы кыйынчылык жаратканына карабай дайыма өзүн тың алып жүрүүгө аракет кыларын айтты. Муну президент 6-мартта Астанада Аялдардын эл аралык күнүнө арналган иш-чаралардын биринде билдирди.
"Эгер мырзалар менин жашоомдогудай режимди карманышса, ден соолуктуу жарандар көп болор эле. Мен билем, силердин президентиңер башкаларга салыштырмалуу мыкты көрүнүшүн каалайсыңар. Ошондуктан формамды кармап жүрүүгө туура келет. Албетте, жаш куракты эске алганда мындай кылуу кыйын. Аялдар амалкөйлүк кылып кандайдыр бир ыкмаларды колдонушат, а биз анте албайбыз. Жан дүйнө картайбайт, жан дүйнөнүн өзөгү болгон дене гана картаят",- деп билдирди Назарбаев.
Айта кетсек, Н.Назарбаев учурда 74 жашта.