Ибрагим Жунусов кыргыз мамлекети менен Түркиянын ортосунда жогорку деңгээлдеги иш сапарларды жандантууну сунуштады

Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов 5-мартта Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Али Кемаль Айдын менен жолугушту. КРнын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жолугушууда тараптар кыргыз-түрк мамилесинин азыркы абалы тууралуу пикир алышты. Жунусов 2015-жылы жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу жана өткөрүүнү жандантуу боюнча биргелешип иш жүргүзүү зарылдыгын айтты. Мындан тышкары Түркияда кыргыз өлкөсүнүн, кыргыз жеринде Түркиянын маданият күндөрүн өткөрүүнү уюштурууну сунуштады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан