Эмил Кайкиев мурунку кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу 6-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду.
Э.Кайкиев буга чейин Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы кызматында иштеп келген.
Туулган жылы - 1969-жыл, 14-апрель.
Үй-бүлөлүк абалы - үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.
Билими - жогорку, адистиги - укук таануу.
Билген тилдери - кыргыз, орус, англис.