Нарын облусундагы Баатыр энелер жана өндүрүш тармагына эмгеги сиңген айымдар 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата сыйланышты. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта обладминистрациядан билдиришти. Иш-чарага катышкан облус башчы Аманбай Кайыпов айымдарды майрамы менен куттуктап, аялдардын коомдогу орду тууралуу сөз кылды.
"Салтанат мектеп окуучуларынын жана театр артисттеринин концерттик программасы менен коштолду. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн атынан 300 айымга 65 миң сомдук белектер берилди",- деп билдирет өкүлчүлүктөн.