Такыр-Төр көлү жарылганына байланыштуу 950 адам эвакуацияланды

Бүгүн, 27-июнда саат 19:40ка карата Чүй облусундагы Такыр-Төр көлүнүн жарылуусунан сел болушу мүмкүн болгон аймактан 950 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин маалыматына караганда, учурда кыйроолор жана материалдык чыгым каттала элек.

Саат 19:40ка карата эвакуацияланган адамдардын саны:

- Алмалуу айылынан 420 адам;

- Төмөнкү-Серафимовка айылындагы карылар үйүнөн 290 адам;

- Кебек-Бий (Тоолуу-Серафимовка айылы) айылынан 240 адам.

Жалпысынан эвакуацияланган 950 адам Нооруз айылындагы убактылуу жайларга (мектеп, мечит) жайгаштырылды.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тарабынан байкоо жүргүзүлүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан