SUPER.KG порталынын эмгек жамааты асылзат айымдарды бүгүнкү 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайт. Мээримдүү эне, үйдүн жарыгы жана жылуулугу, сулуулук менен назиктиктин мыкты үлгүсү, өмүргө өмүр улоочу касиеттүү зат - айымдар. Жашоодо ЭНЕ деген улуу атка баш ийбес адам жоктур. Энелердин тилеги, сүйүүсү, чыдамкайлыгы менен дүйнө тең салмакталып турат.
Өлкөнүн жаркын келечегине салым кошуп жаткан эжелер жана келечектин үмүтү болгон карындаштар, бар болгула! Майрамыңыздар менен! Бекем ден соолук, узун өмүр, бакыт, бийиктик каалайбыз. Жаз күнүндөй жаркырап, ар дайым аман жүрүңүздөр.