Орусияда Борис Немцовдун өлүмү боюнча 5 адам камакка алынды

Москванын Басман соту 8-мартта оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун өлүмү боюнча шектүү 5 адамды камакка алуу чечимин чыгарды. Кылмышка шектүүлөр Заур Дадаев, Хамзад Бахаев, Тамерлан Эскерханов, Шагид жана Анзор Губашевдер 28-апрелге чейин камакта болушат.
Судья Ш.Губашев, Бахаев жана Эскерханов өзгөчө оор кылмыш боюнча айыпталып жатканын белгиледи (алар 8 жылдан 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн). Буга чейин шектүүлөрдүн бири Дадаев кылмышка катыштыгы бар экенин моюнга алганын, Анзор Губашевдин катыштыгы бардыгы күбөлөрдүн айтымында тастыкталып жатканын орусиялык ММКлар тийиштүү булактарга шилтеме кылуу менен жарыялашкан. 

Эскерте кетсек, оппозициялык саясатчы Борис Немцовду быйыл 28-февраль түнү Москва шаарында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан