
* Мындан 46 жыл мурун, 1969-жылы жазуучу, продюсер, кинорежиссёр, сценарист
Садык Шер-Нияз Талас облусундагы Чоң-Капка айылында туулган. Ал 1983-1987-жылдары Фрунзедеги Машина куруу техникумунда техник-технолог адистиги боюнча, 1994-2000-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетиндеги укук факультетинде юрист-укук таануучу адистиги, ал эми 2007-2009-жылдары Москвадагы Сценаристтердин жана режиссёрлордун жогорку курсунда (Владимир Хотиненко, Павел Финн, Владимир Фенченконун өнөрканасында) окуган.
Садык Шер-Нияз 1996-1998-жылдары "Ачакей" ишканасынын директору, 1994-1996-жылдары "Шер" ишканасында юрист-консультант болуп иштеген. 1998-2004-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутатынын жардамчысы, 2004-2007-жылдары КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары болуп дайындалган (кызматтан өз каалоосу менен кеткен). 2005-жылы КРнын коомдук-саясий абалды турукташтыруу боюнча Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, 2006-жылы Конституциялык кеңештин мүчөсү болуп эмгектенген. Ал эми 2010-жылы КРнын Маданият жана маалымат министри, ошол эле жылы КРнын Убактылуу өкмөтүнө караштуу Консультативдик кеңештин мүчөсү, 2010-жылы КРнын Президентинин астындагы Консультативдик кеңештин мүчөсү болгон. Садык Шер-Нияз "Айтыш" республикалык төкмө акындарды колдоо фондунун, "Калемгер" адабий клубунун, "Айтыш-фильм" киностудиясынын негиздөөчүсү. "Кыргызстан маданияты" гезитинин редакциялык кеңешинин, Улуттук жазуучулар союзунун, Кыргызстан Кинематографисттер союзунун жана КРнын маданият ишмерлер ассамблеясынын мүчөсү.
* Мындан 35 жыл мурун, 1980-жылы Иса Ахунбаев атындагы клиникада профессор А.Червинский жетектеген хирургдар скальпелди лазердик нурга алмаштырган жаңы ыкманы колдонушуп, Кыргызстандын медицинасында биринчи жолу лазердик операцияны ийгиликтүү жасашкан.

* Мындан 58 жыл мурун, 1957-жылы он жыл бою дүйнөнүн үшүн алып турган террорчу, шейх
Усама бен Ладен Сауд Арабиянын Жидда шаарында туулган. Анын толук аты-жөнү - Усама бен Мухаммад бен Авад бен Ладен. Анын атасы ири курулуш тармагынын магнаты, өтө бай адамдардын бири болгон. Усама бен Ладен атасынан 250 миллион доллар мурас алган. Ладендин максаты батыштын таасири жок, эркин жана адилеттүү ислам мамлекеттерин түзүү болгон. Ал өзүнүн биринчи катардагы душманы деп АКШ менен Израилди баса белгилечү. 2007-жылы АКШнын Сенаты №1-террорчунун башы үчүн 50 миллион доллар сыйлык берерин жарыялаган.
Усама бен Ладен бою узун (1 метр 95 сантиметр) жана арык (75 килограмм) киши болгон. Сологой экендиги жана дайыма таяк менен жүргөнү айтылат. Ошондой эле арабдардын ак чалмасын башынан түшүрбөй ороп жүрчү. Ал бир гана араб тилинде сүйлөгөн. Ислам динине абдан берилген адам болгон. Террорчу лидердин жан сакчысы Насер аль-Бахри анын өтө эмгекчил экендигин айткан. Бен Ладен беш жолу үйлөнгөн. Анын 17 уулунун ичинен экөө – Хамза менен Саад гана “Аль-Каиданын” иштерине аралашкан.