"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалынын байге фонду 500 миң сом

"Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" II фестивалы Ч.Айтматовдун туулган күнүндө ачылат. Бул тууралуу аталган фестивалдын директору Фархад Бекмамбетов журналисттер менен бирге өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Фестивалда төрт номинация каралып, байге фондун 500 миң сом түзөт. II "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалына режиссёрлордун кыска метраждуу тасмаларын кабыл алуу 20-ноябрда токтотулат. Сынакка катышууну каалаган режиссёрлор Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу-625 дареги боюнча жайгашкан кеңсеге кайрылса болот. Кошумчалай кетсек, аталган фестиваль 12-15-декабрь күндөрү Бишкектеги "Манас" кинотеатрында өтөт. 
"Кыргызстан - кыскаметраждуу тасмалардын өлкөсү"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан