Бишкек шаарында катталган жол кырсыктын кесепетинен 3 жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 9-мартта Дэн Сяопин жана Кара-Кум көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда коомдук унааны башкарып бараткан айдоочу рулду башкара албай тосмону сүзгөн. Натыйжада унаанын 3 жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгы боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.