Ош шаарында үч кызды өрттөөгө аракет кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Ош шаарында үч кызды өрттөөгө аракет кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүү кырсык болгон учурда кармалган. Бирок ал денесинен 3-даражадагы күйүк алгандыктан, Ош облустук ооруканасына жаткырылган. Учурда ал милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө.

Буга чейин 1978-жылы туулган Э.Н. аттуу жаран Салиева көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин бирине бензин чачып, 3 кызды өрттөөгө аракет кылганын жазган элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bektur2
2015-03-10 11:07:03
Бирого олум тилегиче озуно омур тиле дегендей озу куйуп калганын сооп эле болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан