Асылбек Жээнбеков: "Кыргыз тилинин коомубузда ээлеген ордуна дагы эле канааттанбай жатабыз"

Жогорку Кеңеште бүгүн, 10-мартта “Мыйзам чыгаруудагы мамлекеттик тилдин маселелери” деген темада республикалык илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Анын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков мамлекеттик тилдин коомчулук турмушунда ээлеген орду, мыйзам чыгаруу жүрүшүндөгү мамлекеттик тил жаатындагы айрым орчундуу маселелер тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

"Кыргыз тилинин саясий жана укуктук статуска жетишкенин эгемендиктин негизги жеңишинин бири катары кабыл алдык эле. "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам кабыл алынгандан бери чейрек кылым өттү. Бирок кыргыз тилинин коомубузда ээлеген ордуна, өтөгөн милдетине дагы эле канааттанбай келебиз. Мурдагы учурда саясий упай топтоо үчүн тил маселесине тийди-качты кайрылып, элдин көңүлүн алууга багытталган иш-аракеттер болгон. Айрыкча каржылык жана кадрдык камсыздоо маселесин чечүү колго алынган эмес.

Ушул өксүктү жоюу максатында өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен "2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы" кабыл алынды. Мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүү жаатындагы артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Бул иштерди президент өзү көзөмөлгө алып, программаны аткарууга каралган каражат кескин түрдө жакшырды. Мисалы, быйылкы жылга эле, 2015-жылдын бюджетинде 243 миллион сом каралды".

Андан соң спикер конференциянын ишине ак жол тилеп, ийгилик каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан