Бажы кызматынын 3 кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

20 миң сом алып жаткан жеринен Мамлекеттик бажы кызматынын 3 кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Кара-Балта бажы процедуралары борборунун жооптуу кызматкерлери күйүүчү-майлоочу май жүктөлгөн 10 унаанын тоскоолдуксуз жүрүшү жана тиешелүү документтерди каттоо үчүн акча талап кылышкан. Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин алкагында 20 миң сом пара алып жаткан жеринен 3 бажы кызматкери кармалды. Бул факт боюнча материалдар топтолуп, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан