Борбор калаада 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүндө мас абалдагы 25 айдоочу токтотулду. Алардын төртөө айымдар болгон. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, дем алыш күндөрү жалпы 28 жол кырсыгы катталып, 30 адам ар түрдүү жаракаттарды алып, 3 адам каза тапты. Ошондой эле 879 ар кандай жол эрежелерин бузуу фактысы катталган. Ал эми айып пул төлөөчү жайга 78 унаа токтотулган.