Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Борбордогу Дэн Сяопин көчөсүндөгү турак жайлардын биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 20 чарчы метр мончонун жыгач устундуу, калай менен жабылган чатыры күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна меш менен мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон. Ошондой эле Кочкор районундагы турак жайлардын биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен аянты 15 чарчы метр курулуш чарбасынын жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна этиятсыздык себеп болгон.