Борбор калаада жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 44 жаштагы аял кайрылган. Анда белгисиз жаран анын 16 жаштагы кызын бир нече жолу зордуктаганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.