Чүй облусунда зордуктоого шектелген 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Токмок шаарынын 48 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Анда ал белгисиз адам мас абалында күч колдонуп зордуктап салганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 36 жаштагы жаран кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.