Чек ара кызматынын төрагасынын орун басарына кылмыш иши козголду

Чек ара кызматынын төрагасынын орун басарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Б.К. 2013-жылдын 27-ноябрында Жазаларды аткаруу мекемеси менен тикен зымынын 1 метрин 240 сомдон сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Бирок ошол учурда тикен зымынын 1 метринин рыноктогу баасы 100 сом болгон. Мындан улам баа эки эсе жогорулатылып, мамлекетке 3,5 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан