Жактоочу: “Маркумдун өлүмү боюнча такталбаган жагдайлар көп”

Бүгүн, 10-март күнү Жалал-Абад облусунун тургуну, маркум Жылдызбек Сарпашевдин өлүмүнө байланыштуу маалымат жыйын өттү. Жабырлануучу тараптын жактоочусу Чолпонбек Айтбаевдин айтымында, Сарпашевди коюп кеткен Лексус үлгүсүндөгү унаа кимге таандык экени белгисиз.

Кырсык болгон учурда унаанын ичинде 1993-жылы туулган бала болгон делет. Анын айтымында, ал саатына 78 чакырым ылдамдыкта келе жатып 100 метр аралыктан жөө адамды көрүп, бирок аны коюп кеткен. Маркум урулган жерден 10 метр ары барып түшкөн. Ал эми унаа андан 92 метр дегенде араң токтогон, транспорттун маңдай жагындагы айнегинен жана бир капталынан жарака кеткен. Эгер 22 жаштагы айдоочунун айтканы чын болсо, окуя башкача болмок. Экинчиден, "кээ бир маалыматтарга караганда, коюп кеткен унаанын айдоочусу 1993-жылкы бала эмес, “7-каналдын” башкы директору" деп биз жергиликтүү ЖМКдан көрдүк, окудук. Балким, ошондуктан иш азыр жабылып турган чыгар, такталбаган учурлар көп. Тергөөчүлөрдүн айтымында, бул окуяга жабырлануучу тарап тосмо арызын берген. 

Бирок бул боюнча маркумдун жубайы жана апасы эч кандай арыз жазбагандарын айтышууда. Жабырлануучу тарап бул окуя коомчулукка белгилүү болуп, күнөөлүү адам жазасын алсын деп минтип маалымат жыйын берип жатышат”,- дейт жактоочу Айтбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан