Борбор калаада унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 26 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал Чыгыш-5 кичи районуна кечинде Субару Легаси үлгүсүндөгү унаасын токтотуп кетип, эртеси күнү таппай калганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы жаран кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө улантылууда.