Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери машыгуудан өтүштү
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүүчү мекемелерди кайтаруу жана соттолгон жана камакка алынган адамдарды коштоп жүрүү департаментинде 10-мартта түзөтүү мекемелерин кайтаруу маселеси боюнча Көзөмөлдөп өткөрүү пунктунун операторлоруна пландык окутуу-машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Аскердик даярдык көнүгүүлөрүндө аскер кызматкерлери курал-жарактардын техникалык өзгөчөлүктөрүн изилдешип, катышуучулар негизги предмет боюнча сынак беришти. Катышуучулар үчүн Мамлекеттик тарых музейине экскурсия уюштурулганы да айтылды. "Окутуунун башкы максаты - аскер кызматкерлеринин аскердик даярдыгын жана профессионалдык чеберчилигин жогорулатуу",- деп билдирет мекеме.