Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос үйлөндү

Amazon компаниясынын негиздөөчүсү, америкалык ишкер Жефф Безос журналист Лорен Санческе үйлөндү. Бул тууралуу Vogue журналы кабарлады.

Үйлөнүү үлпөтү Италиянын Венеция шаарында өтүп, салтанаттуу иш-чаралар 26-июндан 28-июнга чейин уланат.

Бирок айрым басылмалардын маалыматына караганда, Жефф Безос менен Лорен Санчес Венецияга баруудан мурда АКШда нике кыюу аземин өткөрүшкөн.

Instagram социалдык тармактагы баракчасында Лорен Санчес өзүнүн атын "Лорен Санчес Безос" деп өзгөрткөн.

CNBC телеканалы маалымдагандай, бул салтанаттуу үйлөнүү үлпөтүнүн чыгымы болжол менен 47–56 миллион долларды түзгөн.

Үйлөнүү тоюна 200гө жакын атактуу жана бизнес-элита өкүлдөрү чакырылган. Алардын арасында АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп жана анын жолдошу Жаред Кушнер, ошондой эле Опра Уинфри, Билл Гейтс, Леонардо Ди Каприо, Кардашьяндар үй-бүлөсүнүн бир нече мүчөсү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан