Жогорку Кеңештин 11-марттагы жыйынында “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамдын 41-беренесинин аткарылышы талкууланууда. Жыйында депутаттар бул мыйзамдын талаптарын аткарууну өкмөттүн өзүнөн баштоо керектигин айтышты.
"Мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүк аппараттын бир катар кызматкерлерин, акимдерди себепсиз эле иштен бошоткон. Бул маселеде КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын башчысы менен Мамлекеттик кадр кызматынын башчысынан көп нерсе көз каранды. Булар маселени чечүүгө олуттуу көңүл бурушу керек",- дейт депутат.
Депутаттар иштен мыйзамсыз бошотулуп, мыйзамсыз бошотулганын сот аркылуу далилдеп, кайра мурунку кызматына келген мамлекеттик кызматкердин материалдык чыгымын төлөп берүү боюнча бирдиктүү систем жок экенин белгилешти.