Өлкөдө акыркы 5 жылда иштен мыйзамсыз бошотулгандарга өкмөт 2 миллион сом төлөп бергени айтылды

Кыргыз мамлекетинде акыркы 3 жылда иштен мыйзамсыз бошотулган мамлекеттик кызматкерлерге келтирилген материалдык чыгымды төлөп берүүгө өкмөт 866 797 сом жумшады. Муну парламенттин 11-марттагы жыйынында өкмөттүк аппараттын башчысы Нурханбек Момуналиев билдирди. Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Аалы Карашевдин билдиришинче, 2010-жылдан бери 32 мамлекеттик кызматкер иштен мыйзамсыз бошотулганын соттон далилдеп, кайра ишке орношкон. Алардын чыгымын төлөп берүүгө мамлекеттин эсебинен 2 миллион 93 миң сом төлөнүп берилген. "Кызматкерин иштен мыйзамсыз бошотуу айыбы боюнча 2 жетекчинин иши учурда сотто каралууда",- деп билдирди Карашев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан