2014-жылы республика боюнча 27 миң кылмыш катталган. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Улуттук статистика комитетиндеги маалымат жыйын учурунда Социалдык статистика бөлүмүнүн башкы адиси Динара Сооромбаева Ички иштер министрлигинин маалыматтарына шилтеме берип билдирди. Анын айтымында, кылмыштардын жарымынан көбүн менчикке байланышкан кылмыштар: уурдоо, тоноо, карактоо, опузалоо, алдамчылык, мал уурдоо жана башкалар түзгөн. “Мындан сырткары өткөн жылы 16 миңден ашык кылмыш кылган адам аныкталган. Алардын ичинен жарымына жакынын 30 жашка чейинкилер, 76 пайыздан ашыгын эч жерде иштебегендер жана окубагандар, 13 пайызын аялдар, 6 пайызын жашы жете электер түздү”,- дейт Сооромбаева.