Өзгөн районунда жасалма документтерди жасоого шектелип, эки адам кармалды

Жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоодо расмий документтерди жасалмалоо жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча эки адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Өзгөн шаарынын 1969-жылы туулган И.А.У. жана 1986-жылы туулган Ю.К.М. аттуу тургундары кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ошондой эле Баш-Дөбө айыл аймагынын 1980-жылы туулган З.К.Р. мурдагы башчысына айып коюлду.

Маалым болгондой, 2019-2021-жылдар аралыгында аталган адамдар алдын ала сүйлөшүп, Баш-Дөбө айыл аймагынын жана айылдык кеңештин токтомдорун жана жер тилкелерине муктаж жарандардын тизмесин атайылап жасалмалап, артка карай кол коюп, андан соң аларды мыйзамдаштыруу максатында Өзгөн районунун Архивине, Архитектурасына жана Кадастрына өткөрүп беришкени аныкталган.

Алардын кылмыштуу иштеринин натыйжасында жана жасалма документтердин негизинде 2021-жылы Өкмөттүн токтому менен Ош облусунун Өзгөн районунун 22,4 гектар жери "Айыл чарба багытындагы" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына трансформацияланган.

Учурда УКМК тарабынан жогорудагы махинацияларга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан