2015-жылдын алгачкы эки айында өлкө боюнча 843 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, катталган жол кырсыктары 2014-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 пайызга көп. Ошондой эле жол кырсыктарынын кесепетинен 117 адам каза таап, 1345 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан. Ал эми жаш балдардын катышуусунда 141 жол кырсыгы катталып, 6 баланын өмүрү кыйылган.