Баткенде артиллериялык снаряд табылып, зыянсыздандырылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдириши.
Маалыматка караганда, артиллериялык снаряд кечээ, 11-мартта Кадамжай районунун Сөгөт капчыгайында табылган. Ошол эле күнү Чек ара кызматынын адистери тарабынан жок кылынган.