Кыргыз Республикасы жана Аргентинанын айыл чарба тармагында тажрыйба алмашуу талкууланды

Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев Аргентинанын Кыргыз Республикасындагы элчиси Пабло Ансельмо Теттаманти менен жолукту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар айыл чарба тармагындагы көйгөйлөрдү жана өнүктүрүү жолдорун талкуулашты. Министр суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайындагы маселелерге токтолуп, аларды чечүү үчүн тажрыйба алмашууну сунуштады. Элчи Аргентина менен Кыргыз Республикасында мал чарбачылыгын өнүктүрүү, мал жандыктарынын жаңы породаларын көбөйтүү жана техникалык жабдууларды жеткирүүнү айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан