Мурунку башкы прокурор Аида Салянова күйөөсүнө козголгон кылмыш иши боюнча депутаттарга кайрылды. Парламенттин 12-марттагы жыйынында депутат Феликс Кулов Салянова менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, анын күйөөсүнө козголгон кылмыш иши боюнча түшүнүксүз жагдайлар бар экенин билдирди.
"Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго кылмыш иши козголгону белгилүү. Кечээ ага "кызматтык ыйгарым укуктарын жогорулатуу" беренеси (ред. - "оор кесепеттерге алып келген кызматтык ыйгарым укуктарын жогорулатууну уюштуруу") боюнча дагы бир айып тагылыптыр. Анын жактоочусу бул иште адилетсиздиктин элементтери бар экенин айтып жатат. Биринчи козголгон кылмыш иши боюнча жарандык иштерди кылмыш иштеринин катарына өткөрүүгө болбой турганы айтылды. Жаңы тагылган айып боюнча да тергөөнүн адилеттүү жүрбөй жатканы тууралуу маселелер бар. Ал башкы прокурор же чиновник болбосо, кандай ыйгарым укуктары жөнүндө кеп болуп жатат? Тергөө амалдары адилеттүү болушу үчүн кырдаалды иликтеп чыгууга депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм",- деди Кулов.