Быйыл өлкө боюнча окуучулар үчүн жазгы каникул 23-29-мартка чейин болот

Быйыл өлкө боюнча окуучулар үчүн жазгы каникул 23-29-мартка чейин болот. Бул тууралуу бүгүн, 12-март күнү SUPER.KG порталына КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Амантур Акматов билдирди. Анын айтымында, министрликтин 2014-жылдын 16-октябрындагы билим берүү мекемелеринде каникулдардын жаңы графиги жөнүндөгү буйругунун негизинде 1-11-класстын окуучулары 23-29-март күндөрү эс алууда болушат.

“Жазгы каникул быйыл 7 күнгө гана созулат. Айта кетчү нерсе, быйыл Акыркы коңгуроо адаттагыдай 25-майда эмес, 29-майда өткөрүлөт. Бул кышкы каникулдардын узактыгына байланыштуу болууда”,- деди Акматов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Boldukan86
2015-03-13 01:53:45
ой тооба нооруз кунунон баштап берсе болмок дегичем 4-чейректи да жылдырып ийишиптирго. бирок окшобой калаар бекен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан