"Парламенттик демократиянын калыптануу жолуна жаңы Конституциянын негизинде багыт алдык дегенибиз менен, кыргыз элинин канында эзелтеден эле сөз эркиндиги болгон". Мындай пикирди депутат Алтынбек Сулайманов 12-мартта "Парламент" радиосундагы маегинде билдирди. Анын айтымында, парламент – бийлик бутактарынын ичинде эң ачык иштеген институт.
“Айылдык деңгээлдеги маселе чыкса деле шайлоочулар ошол жергиликтүү бийликке кайрылгандын ордуна дароо Жогорку Кеңешке келүүнү адат кылып алышты. Бул элдин парламенттин ишине болгон ишеними",- дейт эл өкүлү.
Мыйзамдарга улам-улам өзгөртүү киргизилип жатышы тууралуу депутат буларды айтты: "Заман талабына жараша мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолорду сунуштоого туура келет. Анткени мыйзам кабыл алынып жаткан мезгилде эске алынбай калган учурлар жаңы жагдайлар жаралганда толуктоолор киргизилип турушу мыйзам ченемдүү көрүнүш".