Жогорку Кеңеш Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоого кошумча 15,1 миллион доллар бөлүүгө макулдук берди. Тийиштүү мыйзам долбоору парламенттин 12-марттагы жыйынында 3 окууда кабыл алынды. Айта кетсек, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 479-539-чакырымдарын оңдоого
Азия өнүктүрүү банкы 55 миллион доллар бөлгөн. Бирок жолдун курулушундагы катаал климаттык шарт эске алынбай калганы, бул үчүн кошумча акча жумшоо зарылдыгы келип чыкканы айтылды.
Мыйзам эми президенттин кол коюусуна жиберилет.