Президент тамеки продукциясына белгиленген акциздин базалык ставкаларын көтөрүү боюнча мыйзамга кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 5-февралында кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты – Евразиялык экономикалык союзга мүчө мамлекеттердин алкагында бирдиктүү рынокту калыптандыруу үчүн шарт түзүү, мамлекеттер аралык интеграциялык бирикмелерди уюштуруудагы негизги маселе катары каралган салыктардын айрым түрлөрүнүн ставкаларын шайкеш келтирүү.

Мыйзам жарандардын тамеки колдонуусун азайтууга түрткү берүүчү шарттарды түзүүгө багытталган, башкача айтканда, мыйзам менен КРнын Салык кодексине тамеки продукциясына белгиленген акциздин базалык ставкалары этап-этабы менен жогорулатылат. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан