Бүгүн, 12-мартта Баткен облусунда муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратовдун катышуусунда казыяттын кызматкерлеринин, шаар жана райондордун башкы имамдарынын жыйыны болуп өттү.
Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө өткөн жылы аткарылган иш-аракеттеринин жыйынтыктары талкууланды. Муфтийдин орун басары казыяттагы кээ бир документтерди тартипке келтирүү боюнча тапшырмаларды берип, КРнын Коргоо кеңешинин чечими боюнча аткарылуучу иш-аракеттерди жүргүзүүнү тапшырды.