Жогорку Кеңештин 12-марттагы жыйынында экс-башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсүнө байланышкан ишти иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү боюнча Феликс Куловдун сунушу талкууланууда. Депутаттар Куловдон мындай сунушту кайсы мыйзамдын негизинде парламенттин кароосуна киргизгенин сурашты. Кулов буларды айтты:
"Бүгүн Өмүрбек Чиркешович (ред. Текебаев) экөөбүз сүйлөшүп отурганбыз. Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев кирип, Салянова күйөөсүнө байланыштуу адилетсиздик болуп жатканын билдирип телефон чалганын айтты. Нарымбаевден Саляновага эмне деп жооп бергенин сурадым. Нарымбаев Саляновага "Башкы прокурор болуп турган 3 жыл ичинде сизге кайсы бир ишти чечүү боюнча телефон чалдымбы, жок. Эми мен эмне кылышым керек? Жаңы башкы прокурорго тапшырма беришим керекпи? Мен бул ишке кийлигише албайм" деп жооп бериптир. Мындан кийин Салянова депутаттык комиссия түзүү өтүнүчүн билдирди".
Кулов Жогорку Кеңештин регламентине ылайык парламент кароосуна киргизгенин кошумчалады.