Жогорку Кеңештин депутаттары экс-башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсүнө козголгон кылмыш иши боюнча депутаттык комиссия түзүү боюнча “Ар-намыс” фракциясынын чечимин колдоого алышкан жок. Жыйында көпчүлүк депутаттар бул маселени парламентте кароого зарылчылык жок экенин айтышып, көбү залдан чыгып кетишти. Кайрадан каттоо жарыяланып, залда калган 29 гана депутат каттоодон өттү.
Кворумдун жоктугун эскерткен төрага Асылбек Жээнбеков: “Депутаттык комиссия түзүү боюнча фракция чечимин берди, күн тартибине киргиздик. Талкуу болду, депутаттардын маанайын көрдүңөр. Көпчүлүгү каршы болушуп залдан чыгып кетишти. Кворум жок болгондуктан, маселени кароо токтотулат”,- деп билдирди.