Быйыл ажылык сапарга коштоп баруучу медициналык кызматкерлердин саны көбөйтүлөт

Быйыл ажылык сапарга коштоп баруучу медициналык кызматкерлердин саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта SUPER.KG порталына КРнын дин иштери боюнча бөлүм башчысы Бакыт Осмонов билдирди. 

"Былтыр ажылык сапарга коштоп барган медкызматкерлердин саны 6 адамды гана түзгөн. Алар күнүгө 200-300 адамды кабыл алууга аргасыз болушкан. Быйыл алардын санын 10 кызматкерге чейин көбөйтүү пландалууда", - деди Б.Осмонов. 

Анын айтымында, медицина кызматкерлери үчүн эч кандай шарттар каралган эмес. Алар ар кайсы жерге отуруп, күнү-түнү иш алып барышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан