Бишкекте спайсты жасап, аны сатуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 11-март күнү саат 22:30 чамасында 41 жаштагы А.Евгений кармалган. Аны текшерүү учурунда жанынан жашыл түстөгү маңзат табылган.
Шектүү катары кармалган А.Евгенийдин айтымында, 2014-жылдын ноябрь айында Казакстандын жараны П.Александр менен таанышкан. Алар 2015-жылдын январь айынын аягынан баштап спайсты жасап, 1 граммын 500 сомдон сата башташкан.