Вьетнам менен кыргыз өлкөсүнүн билим берүү жаатындагы кызматташтыгы жанданмакчы

Кыргыз мамлекетинин Түштүк Корея жана Вьетнамдагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Вьетнамдын билим берүү жана даярдоо министринин орун басары Бью Ван Га, Вьетнамдын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Ву Тиен менен жолугушту. Министр менен жолугушууда билим берүү тармагында эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жандантуу, анын ичинде укуктук-келишимдик базаны кеңейтүү тууралуу сөз болду. ТИМдин маалымат кызматынын 13-мартта билдиришинче, Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы менен жолугушууда кыргыз мамлекетинин инвестициялык мүмкүнчүлүгү, эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын кызматташтыгы тууралуу макулдашуунун долбоору талкууланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан