16-мартта Санкт-Петербург шаарында президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгын бекемдөө маселеси талкууланып, соода-инвестициялык, маданий-гуманитардык жана энергетика тармактарына өзгөчө көңүл бурулмакчы.
Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзга киришине байланыштуу бирге аракеттенүү боюнча кенен пикир алышуу болору пландалууда.