Ахматбек Келдибеков: "Менин чөнтөгүмө бир тыйын салганым тууралуу факт, далил жок"

Бүгүн, 13-март күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Ахматбек Келдибековдун ишин кароону улантты. "Менин чөнтөгүмө бир тыйын салганым тууралуу бир дагы факт, далил жок. Мага козголгон кылмыш иши негизсиз",- деди А.Келдибеков. 

Ал эми сот отурумуна катышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошова: "Мыйзам баарына бирдей болушу керек. Мыйзам алдында баары бирдей жооп бериши керек. Мен Келдибековдун ишинде эч кандай коррупциялык схемаларды көргөн жокмун",- деди.  

Айта кетсек, буга чейинки сот отурумдарында айыпталуучунун жактоочусу “Келдибеков "2005-жылы Социалдык фонддо иштеп турганда акча каражатын негизсиз бөлүштүргөн" деп айыпталууда. Бирок иште ошол учурга тиешелүү документтердин түп нускасы жок. Ошондой эле эскирүү мөөнөтү да бүткөн. Мындан улам козголгон кылмыш ишин токтотууну өтүнөм” деп билдирген болчу. 

Учурда сот өтүнүчтөрдү карап чыгуу үчүн белгисиз мөөнөткө сыртка чыгып кетти.

Ахматбек Келдибековдун иши боюнча 77 депутат суракка алынат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
perichte
2015-03-13 17:08:23
анан?
0
beka1207
2015-03-13 17:18:09
perichte, банан)))
0
Aidar.001
2015-03-14 00:23:12
perichte, эшикке чыгып 77 депутатка звонок кылыптыр, 17-мартта сотко келгиле Ахматбегинерди алып кеткени деп.
+1
Uli6886
2015-03-13 17:16:03
сигарет чеккениби?
+1
Nurmuhammad
2015-03-13 17:29:11
Uli6886, кофе ичкени.
+1
perichte
2015-03-13 17:33:25
банан жеп,сигарет чегип,кофе ичип бутушсо эмне болгонун айтып коюшпайбы,биз да чыдамсыздык менен кутуп жатабыз, кандай чечим чыкты деп.
+1
Lintel
2015-03-13 17:34:24
званок кылганы сыртка чыкты эмне кылыбыз деп
+1
fora
2015-03-13 17:36:17
Аша менен кенешкени мойнуна албайтат эмне буйрук бересиз дегени
+2
anjela500
2015-03-13 17:48:30
бизде эн кучтуу жана акыйкаттуу иштеген адамдарды жумуш ордунан бошотуу жана камап салуу конумуш адат болуп калды го...
0
make2
2015-03-13 20:09:51
Чыгатурган жакка өттү окшойт, мындай кыла берсе соттон чоңдор корпойтта, мамлекетти жеп түгөтүшөтко?
0
Sadyrov_n93
2015-03-13 20:28:11
Айтчы ким эн кучтуу,кыйын иштеп камалып кетти бийлик тараптан.
-1
kubat_1973
2015-03-13 21:59:52
Чонтогумдо бир тыйын жок дейт го миллиондоп доллар менен жесен чонтогундон тыйын эмес сомду Ким табат.Сага окшогондор кыргыздын кендирин кесип жуз жыл артка ыргытты го келечегибизди.
+4
kubat_1973
2015-03-13 22:28:22
Олумго тике кара дегендей кылганын мойнуна алсан болмок Акмат аке жигитче.Ууру тойгончо жеп олгончо карганат дейт жок дегенде эркекче турмого отуруп чыксан барктуу болмоксун
+7
bakyt_2015
2015-03-13 22:47:51
Келдибековдун чонтогундо кайдан тыйын болот жалан евро,доллар менен жеп атса,мунун чонтогундо рубль,сом болушу да мумкун эмес. Азыр акты ак,караны кара деп айткысы келбегендер карапайым элдин ичинде да толду. Оо Келдибеков эркек деп чыга калат кээ бири,аларга эмне эркектигин коргозгонун билбейм.Келдибековдун ким экенин озунун Ата журттагы досу Садыр Жапаров козуно сайып коргозуп берди го,акча учун кандай акмакчылыкка барарын.Же калппы?
+1
maksnarin
2015-03-13 23:05:56
Уятсыз акмак-(((!
0
Jyrgal_msk
2015-03-14 00:00:06
Ким жеди,ким жебеди элге ачык- айкын эле көрүнүп турат.Ахмат ака мойнуңузга алып,кечирим сурасаңыз кийинкилерге да жакшы болмок.Жантөрө Сатыбалдиев да жеген элдин баары билет,бирок бийликтегилер менен бөлүшкөн экен кутулуп кетти.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан