Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда лифтти оңдоо учурунда эки адамдын өлүмүнө алып келген кырсыктын себебин иликтөө боюнча Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын алдында комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15 күн ичинде бул комиссия тергөө амалдарын жүргүзүп, корутундусун чыгармакчы. Анын курамына инспекциянын тиешелүү башкармалыктарынын жана аталган соода борборунун өкүлдөрү киришти.