Алмаз Кулматов Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, А.Кулматов бул кызматка 2014-жылдын 7-февралында чыккан буйруктун негизинде дайындалган.