Бишкекте унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 39 жаштагы айым кайрылган. Анда белгисиз жаран анын көп кабаттуу үйдүн алдына токтотуп кеткен Ауди үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан