Тересполь шаарында Москва-Ницца каттамы менен бара жаткан поездде аялын чемоданга салып чек арадан алып өтүүгө аракет кылган француз жараны кармалды. Бул тууралуу 16-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, анын аялы Орусиянын жараны болгон. Аялы үчүн шенген визасын ала албаган соң, аны чемоданга салып өтүүнү чечкен. Тересполь шаарындагы чек ара отрядында жүргүнчүнүн чоң чемоданы шек жаратып, текшерүүгө алынган.
Чек ара отрядынын басма сөз катчысы Дариуш Синички: "Чет өлкөлүктөр түрдүү жолдор менен чек арадан өтүүгө аракет кылышат, бирок адамды чемоданга салып өткөнүн биринчи жолу көрүшүм",- деп билдирген.
Белгилүү болгондой, чемодандын ичиндеги айым өзүн жакшы сезгендиктен, медициналык жардамга муктаж болгон эмес. Польшанын мыйзамына ылайык, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылганы үчүн жубайлар 3 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.