Чүй облусунда үч жаран өз ыктыяры менен курал-жарактарды милицияга тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 13-мартта милицияга 24 жаштагы жаран көчөдөн таап алган аңчылык кылуучу курал-жаракты милицияга тапшырган. Ошондой эле 14-март күнү милицияга Беловодск айылынын 26 жаштагы тургуну 32-калибрдеги куралды өткөргөн. Ал эми кечээ, 16-мартта Октябрь айылынын 27 жаштагы тургуну сериялык номуру өчүрүлгөн майда калибрдүү мылтыкты милицияга өз ыктыяры менен тапшырды.