Жарандык
коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт
өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Лейлек
районуна караштуу Ай-Көл айылындагы турак жайлардын биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 84 чарчы метр турак үйдүн жыгач
устундуу, шифер жабылган чатыры, үй-мүлкү толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында курулуш чарбасынын 10 чарчы метр жыгач шыбы күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна мештерди
пайдаланууда коопсуздук эрежесинин бузулушу себеп болгон.