ЖКда күзгү-кышкы мезгилге карата даярдык боюнча вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев маалымат берип жатат

Азыркы учурда Жогорку Кеңеште вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев "КРнын экономика тармактарынын жана калкын 2012-2013-жылдын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө” маселе боюнча маалымат берүүдө. Өкмөт өкүлү энергетика, көмүр, газ маселелери боюнча маалымат берип, аталган тармакта аткарылып жаткан жакшы иштерге, кечиктирилип жаткан иштерге токтолду. "Отун камдоо жагынан график боюнча өз учурунда баратабыз. Мисалы, көмүрдүн чыккан жери менен калктын жашаган аймагынын аралыгына жараша 1 тонна көмүрдүн баасы 2000 сомдон 6000 миң сомго чейин чыгууда. Айрым жерлерде шартка жараша 14 миң болгон учурлар да бар",- деди Сарпашев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан